🌹🌹🌹🌹Бир туугандарыма🌹🌹🌹🌹
Бир тууганым жан досум,курбуларым,
Жалгыз агам,эки эжем асылдарым.
Жалгыз агам байлыгым теңелбеген,
Атакемдин жоктугун билгизбеген.
Эки эжем кымбаттарым,жаркыным,
Бул жашоодо колдоп жүрчү жакыным.
Оорубагын аман болгун дайыма,
Жүрчү дайым күлүп жайнап жанымда.
Бир тууганым,асылдарым, жакыным,
Силер менен мен бактылуу жашаймын.
Бар болгула ар убакта жанымда,
Бар болгула апакемдин кашында.
Бир тууганым, бир боорлорум,
Менин асыл жандарым.
Бар болгула узак жаша,
Апакемдин жанында.
Автор: Аида Тажибаева