ӨЗҮН ИЗДЕГЕН АДАМ... 5-бөлүм
••••••••••••••••••••••••••••••••
Бир күнү Гүлшайыр таң заарда келип, уктап жаткан сулууга суктанып ичинен: «Карачы, Нарындын сулуусун, келбети кадимки Таттыбүбүдөн кем эмес»– деп таттуу уйкудагы Айперини карап бир топко чейин суктанып отуруп анан: – Айпери, тур, алтыным, – деп анып жүзүнөн сүйүп ойготту.
Ушул кезде түшүндө апасын көрүп жаткан кызы, аны Гүлшайыр эмес эле Гүлүмбүбү ойготуп жаткандай сезилди. Бир аз энесине эркелегиси келип: «Турбайм», – дагы бир аз эркелете түш дегенсип, үстүндөгү жуурканы менен айдай жүзүн жаап, тетири карап жатып алганы менен, чындыгында Гүлшайырдын назик үнүн күтүп жатканда анын кулагына жакыныраак келип Гүлшайыр:
– Тур, т