Калтыргам баарын артка,кайра барбайм,
Кек сактап,өч алууну эчак баскам.
Канчасы көңүлүмдү кирдетсе да,
Алардай болууда мен аксабайм.
Кайрандар,күнөөнү жай кылышкан,
Кайберендей көрүнбөй жол сызышкан.
Канча ирет сындырам дегендери,
Өздөрү тузакка түшүп барган.
Жакшы,жаман өтөөр экен,өмүрдө,
Кечиргенмин,күнөөлөрдү кечүүдө.
Унутууда кеткен баары жуулуп,
Эми,барбайм ал күндөрдү эстөөгө.
Каталарды ашырып,албайлычы,
Көңүлдөрдү аздектеп,барктайлычы.
Беш күндүктү татыктуу өткөрөлү,
Жакшы сөздү айтууда жашайлычы.
Чынар.
Бишкек.