ЧАКЫРЫК
Жасалма дүнүйөгө тентип чыгып,
Жашайбыз тазалыкты кемтик кылып.
Бөтөлкө, желим, бүчөк чардап жатат,
Борбордун көчөлөрүн менчик кылып.
Чамасын төрүбүзгө чайдын төгүп,
Чарчадым чанга толкон жайды көрүп.
Чагылган семичкенин сырты сымал,
Чыркырап жатат жерде кайдыгерлик!!!
Түйүмдөй мээни наамыс чулгабайбы,
Тенелди чачканыбыз уйга дагы.
Кан төгүп байыркылар бизге берген,
"Кыргызстан" деген үйдү булгабайлы,
Көлдү да тазартам деп көбүк сүрөм,
Колунан шыпыргычтын өбүп жүрөм.
Канкылдап үргөн менен иттин дагы,
Көмгөнүн "ишин бүтүп" көрүп жүрөм.
Аз гана аракеттен качпайлычы,
Ар күндү тазалыктан баштайлычы.
Таштанды күтүп турган урналарга,
Текебер сезимдерди таштайлычы.
Таштанды күтүп тург