Баарыңарды Ыйык Рамазан айынын – бүгүнкү Арапа күнү, эртеңки Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктаймын. Аллахым Ыйык Рамазан айында арзуу кылган максаттарыңарды, тилеген тилектериңерди, ниеттериңерди кабыл кылган болсун. Биз сүйгөн жана бизди сүйгөн адамдардын бактысына бар бололу, ин ша Аллах. Ар бирибизди ырыскы, дөөлөт, оомат, ийгилик, бактылуулук коштоп, ден соолукта болуп, үйүбүз шаңга, жашообуз жыргалга толуп, өлкөбүз өнүп өсүп, дүйнөбүз тынчтыкта болсун! Аллахым кийинки Рамазан айынын орозосун кармоого баарыбызга насип кылсын. Амиин.