Мен өзгөрдүм, аябай өзгөрдүм. Сен билген, эч бир мыйзамга баш ийбеген,бой көтөрмө, кырс адам эмесмин. Сен жактырган алоолонгон өрт жигит азыр таптакыр башкача абалда. Эсиңдеби,сени таарынтып, катуу айтып ыйлаткан күндөрүм? Өз күчүмдү ошентип билгизгим келчү. Катуу сүйөрүңдү билсем да, мындан да ашык, мынданда берилип сүйүшүңдү каалагам.Ошондо ыйлап жатканыңды сезсем да,обочодон карап туруп басып кетчүмүн.Анткени аркамдан келериңди, кайра эле жарк эте күлүп бетимден өөп,кечирим сураарыңды билчү элем. Сен дайыма келчүсүң. Бирок бир күнү келбей, аркамдан ээрчибей койдуң.Көрсө, бапестеп көздүн карегиндей сактабаса, сүйүү да өчөт экен. Сенин сүйүүңдү өчүрүп алганымды туйбай калдым.Алгач “мейли, к