поэзия Сүйүү
Сүйүү бул - "сүйдүм" деген сөз гана эмес,
Созулуп сыйга берчү бөз гана эмес.
Санаада узак жүрүп сагынганда,
Салаалап, жашып турчу көз гана эмес.
Сүйгөн жан - бүт жаманды "жакшы" деген,
Жүрөгү бүткүл аалам батчу, кенен!
Канчалык берсе да түгөнбөгөн,
Дүйнөсү эч кемибейт, түбү терен!
Ал берет, алууга эч ашыкпаган.
Алса бирөө көөнү ооруп тарынбаган.
Ичинен кайгы тартып, канаса да
Үн катып, көп сүйлөп наалыбаган.... Сүйдүм деп
сен мени сүйгүн дебес,
Сезимим жаралабай жүргүн дебес.
Сызылып, көөнү ооруп турса деле
Сен мени дарылачы күлгүн дебес.
Ал күтөт, жөн гана күтө берет.
Ар күнү күтүү менен бүтө берет...
Ашыгы "арнаган бир сөзүнөн"
Атыр гүл жүрөгүнө бүтө берет.
Айттырбай, кээде т