Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Адамдын өмүрүн жылдар эмес, анын элине кылган кызматы өлчөйт дешет. Сиздин өмүр жолуңуз дал ушундай өлчөмгө татыктуу.
Кыйын кезеңдерде элдин ынтымагын ойлоп, ар ким ар тарапка тартылган учурда адамдарды бириктирип, журттун башын коштуңуз. Коомдук башаламандыктарда мыйзамдуулукту сактоого көмөктөшүп, элдин мүлкүн, айылдын тынчтыгын коргоого салым коштуңуз.
Сиз үчүн кызмат — кызмат орду эмес, элдин ишеними болду. Депутат болуп турганда да, аксакал болуп турганда да айылдын көйгөйүн өз көйгөйүңүздөй көрүп келдиңиз. Көчөлөрдүн асфальтталышы, айылдын көрктөнүшү, клубдун оңдолушу, ардагерлердин эстелиги салынышы – мунун баары сиздин эмгегиңиздин изи.
Элге кызмат кылган адамдын байлыгы — элдин алкышы. Сиз ошол байлыкка ээ болгон инсандардын бирисиз. Бүгүн сизди урматтап турган эл — сиздин өмүрүңүздүн эң чоң сыйлыгы.
Сиз Москва райондук кеңешинин эң кадырлуу аксакал депутаттарынын бири, райондун Ардактуу жараны катары элдин жүрөгүнөн орун алган инсансыз.
Жаш өткөн сайын адам карыбайт, анын жасаган жакшылыгы жашарат. Сиздин эмгегиңиз да, атыңыз да эл менен кошо жашай берет.
Сизге бекем ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана уул-кыздарыңыздын, неберелериңиздин урмат-сыйын көрүп, эл батасын алып жүрө беришиңизди каалайбыз.
Тилектештер !!!

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев