Свернуть поиск
Правая колонка
5 - болум.
Жанр - драма триллер.
Бул ойдон чыккан чыгарма.
Автор Kg Jigit.
Мен сенин бакытына,
Мен сенин бакытына жаралганмын..
деп жарым унумду чыгарып ырдадым. Ойго батып коп убакыт жатып калыптырмын. Куугум да кирип кетиптир. Айлананы карангы курчап калды. Ошол жаткан жеримде жатып калдым. Тушумо да жаман туштор кирип ары бери оонап ойгоно албай жаттым. Бир маалда кыткылыктап бироо кулгондой болду. Тушумбу же онумбу деп ажырата албай тан калдым. Улам улам кулуп кайра ал дабыш жоголуп кетип жатты. Ошентип ал дабыш ойготуп жиберди. Тура калып айланага коз чаптырсам эчнерсе корунбойт карангы. Ал кулкуну тушумдо уккан окшойм деп олтурсам дагы бир ирет арт жактан уктум. Даро бурула карасам эчтеке жок кайра каптал жагымдан уктум ал жакты даро карадым жок эчтеке. Ал кыткылыктаган адамдын кулкусуно окшогон дабыш мени айланчыктап угула берди. - эй ким бул ! Ким дейм чык ким болсон дагы деп унумду бийик котордум. Карангыда эчнерсе корбодум. Бир убакта кызыл болуп куйгон эки чыракты кордум. Ал чырак уламдан улам жаныма жаай жылып келе жатты. бир маалда ырррр деген унун уктум колум калтырап атып чонтогумдогу ширенкени алып жагып жиберсем мандайымда чоо туруптур.артымда бир капталымда бироо уч чоо экен. Дароо майда таштар менен ургулап кууп кирдим. - мына сага ме сага олгуло кана кимди ким олтурот экен ыя дагы келсенер теринерди тескери кылып сыйрам деп коркконумду билгизбей унумду бийик чыгардым. Алар кыткылыктап айланчыктап качып жоголушту. Ошодон баштап уйку жок. Уктабай айлананы карап андып чыктым. Чоо деген адамга окшоп кулот экен. Коркоктой корунот бирок карышкырдай кучтуу жырткыч деп уктум эле. Ошентип Кундун ыссыгы курсактын ачканы суусап сууга тойбой кыйналып жатканым аз келгенсип эми жырткычтарды ойлоп баштадым. Кырт эткен дабыш уксам эле чочуп ары бери караганым караган. Колума майда таштардан топтоп алгам. Куралым коргонгонум ошо таштар болду да. Кудайдын бир жаратып койгон таштары да алар жок бут эле кум болгондо балким эчак эле жем болот белем чоолорго деп да ойлодум. Ал таштар майда болсо дагы таамай тийген окшойт да ошол бойдон келбей ундору угулбай калды. Ошентип тан атып бара жатты. Дондун устуно чыгып карап олтурдум. Тан атканды коргон озунчо бир керемет экенин ошондо билдим.Тандын атарын корор бекем деп коркком эле да. Бул тундон аман эсен чыкканыма суйунуп козум жашылданып кетти. Ошентип жарык кирип уйкум келгенине карабай жолумду улап жонодум. Баскан сайын шшшшшш деп сапырылган сары кумдун уну эле угулат. Тун ичинде салкын болот экен. Бир аз ысыган денем муздай тушту эле. Эми кундун ыссыгы кучогон сайын кайра ыссып барам. Акактап оозум кургап болбой калдым. Суумду карасам эки уч жолу тамчылатканга эле жетет экен. Капкагын ачып бир тамчы ууртап даро оозун бекиттим. Суунун тугонуп калганын элестетсем журогум тушот. Адам тамак жок коп убак чыдай алат бирок суу ичпей копко журсо чыдабайт деп окуудан окучум эле. Ошолорду ойлой берсем жинди болуп кете жасдайм. Бир гана Аллахтан умут кылам жардам кутом. Убагында бир намаз окуган дос балам мени мечитке чакырып калчуу эле. Убактым жок деп шылтоолоп барчуу эмесмин да. Балким ошондо барсам жок дегенде намаз окушту уйронуп алат белем. Намаз окуп Аллахтан сурансан кабыл этет сураганынды дечу эле. Окуйун десем намазды дагы билбейм да. Уйго барсам созсуз мечитке барам деп озумо соз бердим. Ойлуу бара жаттым. Башымды жерге салып ар кайсы ойду ойлоп кыйналып бараткам. Бир топ баскан окшоймун бир учурда демимди басып алайын деп бир дончого олтуруп калдым. Башымды которбой кумду карап олтурсам кичинекей кыбырап таш бака отуп баратыптыр. Курсагым ачка да. Даро жеп салуунун аракетин кылып кармай калсам башы буттарын киргизип алды ийнине. Топтоголок эле таш болуп калды жашынып. Байкуш менден коркуп чыкпай койду. Колу менен сындырайын десем болбос жерге чапсам дагы сынбады куйкалап жегенге ширенкем даяр эле. Тегерегимди карап чонурак таш издей баштадым. Эки жакты карап атып ойдо туруп алдымды карасам алыс жакта улбуроп дарак тургандай корунду. Дароо ошол замат таш баканы кармаган бойдон чуркап жонодум.
" Суу...суу.сууу... " деп бакырып чуркап кете бердим. Бул жолкусунда чын эле дарак болуп калса экен деп жаттым. Буттарым чарчап баса албай калганыма болбой жулунуп чуркап кете бердим. Чуркаган сайын баягы дарак чын эле жакындап баштады. Аны коргон сайын суйунуп кубанып жаттым. Ошентип чын эле дарак бар экен дарактын тубундо булака окшоп чыккан суу бар экен. Жетип эле жыгылдым. Башымды сууга салып ууртап ууртап ичип жаттым. Тоолордой эле ичтим го бир топ. Жаным жыргап чарчаганымды да унутуп калдым. Ыссыган денемди жуунуп да алдым. Бактын колокосуно баш калкалап олтурдум. Жай шамал дагы болду. Курсагым тойгондой эле жыргап олтуруп калдым. Ошол жерде копко олтурдум. Кетким келбеди. Бирок суу деген суу мынтип омур бою жашай алмак белем деген ойдо жолумду улантууну чечтим. Оордумдан туруп алдымды карасам тее алыста бир кара нерсе келе жатат. Тушунбой карап турдум. Эмне экенин биле алган жокмун. Уламдан улам чоноюп келе жатты. Корсо куюн экен. Топуракты сапырып катуу келе жатыптыр. Дароо устумду шымымды чечтим да аркан сыяктуу кылып белиме байлап анан даракты кучактап бир учун ага байладым. Уууууу.... вууууу... деп ышкырып келип калды. Дарак узулуп кетчуудой бутактары ийилип жатты.козумду бекем жумуп ичимден Кудайдан тиленип даракты катуу кучактап кармадым. Бир маалда отуп кетти. Ошентип ботолкомо суу толтурдум да жолумду улап жонодум. Бир аз кыйналганым азайгандай боло тушту. Колумдагы таш баканы карасам дале ийнинен ташынан чыга элек экен. Кеч да кирип кетти. Чоолорду андымай башталды. Дагы тан аткыча козумду ирмебей акшыйып утабай олтурдум. Бирок бул жолкусун чоолор негедир келишкен жок. Тан атканын коруп бул тундон дагы аман чыктым деп суйундум. Ошентип жалгыз чолдо жургонумо эки тун эки кун болуптур 48 саат. Тан атаар замат кайра жолумду уладым. Тушко чейин токтобой басып журуп олтурдум. Туш болуп кун катуу ысыганда дем басып токтоп олтуруп калдым. Суудан ичип таш баканы карап коёмун. Байкуш мени которуп жургонумду коруп жатты окшойт коркуп эч чыкпай койду ташынан. Таш баканын менден коркуп ташынан чыкпай жатканын коруп ойлонуп боор ооруп бир топ карап олтурдум да айттым.
- Э ташбака кичинекей экенсин, сен дагы байкуш мага окшош жоголуп кеткен бечара окшойсун. Ата энен ыйлап издеп жатышса керек. Коркпо таш бака мен сени жебейм. Болгону ийнинен чыкчы корунуп койчу. Эч ким менен суйлошпой кыйналып кеттим. Чыкчы экообуз суйлошолу. Байкушум менин мен сага тийбеймин. деп таш бака менен суйлошуп жаттым. Ал коркуп чыкпады. Бир маалда арт жагымдан ырылдаган унду уктум бурула карасам бир чоо туруптур. Мага кантип секирип кол салышты билбей ары бери айланып жатты. - ме сага мону же деп колумдагы таш баканы ыргыттым. Ал даро оозун ачып тиштегилеп кирди бирок ташын жара алган жок. Бир маалда жутуп жиберди. - Сен менин таш бакамды жеп койдунбу деп кайра ачуум келип таш менен аткылап кирдим. Ал качып бара жатты. Бир учур токтоп какап чакап кускандай болду да андан ары качып жоголду. Кускан жерине барсам таш баканы кусуп салыптыр. Тамагынан ары отпой калган го такалып деп койдум. Дароо кичинекей таш бакамды алып жолумду улап жонодум. Ташбаканы карап коркконунан олуп калган жокпу деп ыйлап жибердим. Ал ийнинен дале чыккан жок. Дагы бир топ жер бастым. Суум дагы азайып калды. Алдымда сапсары болуп эле чол тугонбойт эч эле. Бир маалда жыгылдым. Бир нерсеге чалынып жыгылган окшоймун деп оордумдан турайын десем ойдо которуло албай калдым. Дене боюм карышып оор болуп калды. Ошондо алым кучум тугонуп калбай калганын тушундум. Суу менен коп куч топтой албайт экенсин да. Баарибир бир нерсе жеш керек экен. Устумо оор мушоктордон толтуруп бастырып салгандай болду. Кыймылдай албай эле жатып калдым. Таш баканы жей албасам дагы негедир коё бергим келген жок. Ал мен учун суйлошконго адам сыяктуу болду. Ага суйлосом адамга суйлогондой болом. Озумду жалгыз сезбей калдым.
- Билесинби таш бака бул жашоо озу башынан аягына чейин курош экен. Олбостун кунун коруп кара курсак учун курошуп жашайт экенбиз да. Кара курсак деп эле тим болбой дунуйо деп олуп талып жан талашып иштейт экенбиз да. Унаа алсак уй алам деп уй алсан дагы уй алам бизнес кылам деп иши кылып дуйнонун артынан кубалап журуп жашоон отот экен. Бар нерсенин баркын билиш керек тура. Барга шугур кылыш керек экен. Биз болсо бар болсо дагы тойбой жок деп турабыз. Таш бака бул жашоодо эн кымбат байлык бул ата эне уйбулоон экен. Ошону эми тушундум. Алардын жанында болсон озунчо керемет экен да. Азыр мисалы ушул жактан чолдон бир мушок толтура акча таап алсам ошол акча мени куткара алабы деген суроо болот да. Ошол акча мага тамак болуп бере алабы? Ошол акча атам же апам болуп бере алабы? Жоок, ал акча кагаз гана болуп тура берет. Ал акчаны которуп алып жетчуу жерине жетишин керек анан ошондо адамдарга акча берсен жардамдашат да. Бирок ал жерге жетпей калсанчы эгер? Чол тугонбой койсочу? Эч ким сени корбосочу? Кантесин анда? Ошол кагаз акчаны ачкадан жеп олот экенсин да. Бул дуйнодо баардык нерсени чечет деген акча ошондо эчнерсе чече албай калат экен да. Кунго куйуп жоголот тура. Ушундайда акча жон эле кагаз экенин бизге билдирет экен да. Ушул кагаз учун адамдар эмнени кана кылбай калышты, бири бирин олтуруп жатышат аткылап. Эне баласын ушул кагаз учун сатып жибергенин уктум. Илгери ата бабаларыбыз мындай кагазы жок эле жашап келишкен да. Болгону бай адамдар болгон акылдуу адамдар болгон ошолор башчы болуп келишкен эле. Калгандары жапжашнакай эле бар оокатына шугур кылып мал салдарын карап жашашкан. А бизчи баары болсо дагы техника онугуп женилдик болсо дагы дале жетпейт. Оюбузга койсо дуйнону башкаргыбыз келет. Бирок дуйнонун эн бай адамы деле тойбой дагы дагы деп жулунат имиш. Качан шугур кылабыз деги? Алты санын аман болуп ата энендин жанында болсон мына ошол бакыт экен да. Башка дуйнонун мага кереги жок. Досум айткандай ата энени ыраазы кылсам болду. Аларды картайганда карап бир созун эки кылбай айткандарын даро аткарып кайыша айтпай сыйлап урматтап ар дайым жанында болуп баксан ошол эле жетиштуу экен да. Буйруса ата энемди мекеге алып барып келсем жакшы болот деп таш бакага суйлоп жатып козум илинип уктап кетиптирмин. Бир маалда кубур шыбыр эткен адамдардын унун уктум. Козумду ачсам эки тоо жетелеген негр кишилер мени карап турушуптур. Булар дагы баягыдай мыкаачыларбы деп коркуп качып кетуунун аракетин коруп оордумдан турайын деп жулкунуп кирдим бирок тура албадым. Озулорунун тилинде суйлошуп жатышты. Бир созун угуп калып коркконум азайа тушту. Ал соз озулорун колу менен корсотушуп " мусульман " деп жатышты. А сенчи дегенсип мени колу менен корсотуп " мусульман " деп сурагандай болушту. Мен дароо эле мусульман мусульман деп ооба дегенсип башымды ийкедим. Даро бироосу жаныма басып келип колун сунуп ойдо тургузуп кучактап суйлоп жатты. Аллах деген создорунон башка анан дагы мусульман деген создорунон башка эчтемкесин тушунбодум. Менин оюмча Кудай буйруса баары жакшы болот мусулман бир тууганым деп айтып жаткандай тушундум болжолдоп кучактаганына караганда. Намаз окуган досум айтып калчуу эле мусулман мусулманга ар дайым жардам берет деп. Ошону эстеп ыйлап жибердим. Ыйлап жатсам экинчи негр да келип кучактап бир создорду айтты. Ал создорду дагы соороткон сабырга чакырган кыйынчылыктын баары артта калды биз сага жардам беребиз деп айтышкандай тушундум. Тушунгонум туура чыкты окшойт. Экоо эки жагымдан колтуктап кармашып суйроп келишип тоонун устуно жаткырып коюшту. Тоонун устуно жатканымды билемин андан кийин ачкадан эсучумду жоготуп коюптурмун. Козумду ачсам бир кепедей болгон жапыз тамда жатыптырмын. Башымды которуп айланамды карасам алдымда бир кичикий негр бала менин таш бакам менен ойноп олтуруптур. " Салам балакай " десем мени карап эшике чуркап чыгып кетти. Бир маалда баягы эки негр кишини чакырып келиптир. Мени карап "жат жата бер" дегенсип колдорун кыймылдатып коздорун жумуп ачып коюшту. Кеч кирип кетти. Бир маалда тигил кишилердин бироосу бир эски кесеге ыссык шорпо алып келип берди. Лыпылдатып ичип алдым. Баласы капкара нан алып келди аны да жеп койдум.Ошентип дене боюмдун оорутканы кеткенче бир жумадай ал негрлердин уйундо жашап калдым. Ото кедей уйбулоолор экен. Ал жакта андай уйдон экоо учоо бар экен. Учоо тен жапыз кепедей эски уйлор. Мен жатып калган жерге жакын турушат экен да. Тигил экинчи киши кошунасы экен. Жегендери капкара нан ичкен шорполору куш пуш канаттуулардын эттеринен корунот. Эптемей тиричилик кылышат тура. Олбостун кунун корушуп жашашат экен да. Эн башкысы ал жакта суу бар экен. Ошондой кедей турушса дагы кулуп жайнашып жашашат экен. Кабагым кашым деп бир маанайы чоккон адамды корбодум. Мени корушуп башкалары дагы кубанып учурашып жатышты. - Ассаламу алейкум.. - Алейкум ассалам деп жооп берип коём. Ошондой кыйналып оокат табышып жатышса дагы намаз убактысы келгенде баарысы тен кылып жаткан оокаттарын таштай коюшуп намазга туруп калышат экен. Аларды коруп мен дагы денемдеги кирлерди кетирип бир сыйра жуундум да намазга кошулуп турдум. Мени намазга кошулуп турганымды корушуп кубанышты. Ошентип алар жыгылса мен дагы аларды туурап жыгыла берип намаздын кыймыл аракетин уйронуп алдым. Баардыгы тен биртуугандай жылуу мамиледе суйлошуп турушат экен чыгышып киришип. Баарысы тен капкара негрлер. Бул негрлер мыкаачы эмес мусулман жакшы негрлер экенин тушундум. Жада калса беш алты жашар жыланач чуркап жургон балдары дагы намаз окушат экен. Ошентип бир жума жашагандан кийин мен уйумо кетишим керек деп учактын суротун тартып тушундурдум. Бир кишиге кошуп беришти. Ал экообуз бир тоого минип жолго чыктык. Ал киши буюм оокаттарды ташып иштейт экен тоо менен. Тамак ашты салып алганбыз. Уч кун жол журдук. Кунду карап эле намаздын убактысын билип коёт экен. Шарт тоодон секирип тушуп тоонун артындагы артылган бачоктон суу алып даарат алып намазга тура калат. Мен дагы кошулуп чогу окуп жаттым. Ошентип уч кун дегенде бир кичикий шаарчага жетип келдик. Дароо базарга кирдик. Киши коп экен. Бут эле кара тору негрлер.Аялдары оронгон экен. Баарысы мусулмандар го деп койдум. Бир уйго кирдик. Тигил киши бироолор менен суйлошуп турду да колуна телефон алып мага келип берди. Телефонду алып дароо апама чалдым. Апам байкуш унумду угуп суйунгонунон ыйлап жиберди.
- Кагылайын балам амансынбы? Ушул кунду энсеп журдум сени тируу экенине ишенгенмин. Издебеген жерибиз калган жок. Жардам сурап окмотко да кайрылдык. Эчкимиси сени таба алган жок. Балам азыр кайдасын деги? (шолоктоп ыйлап жатты)
- Апа менден кетсе кечирип коюнузчу эми мындан кийин озгоруп жакшы бала боломун кечиринизчи апа..
- Айланайын чырагым сени кечирбегенде кимди кечиремин келчи уйго балам мен сени сагындым абдан
- Апа.. мен..ме..н..н.. мен.. да сизди абдан катуу сагындым деп козумдон жаштар куюлуп кетти. Жанында атам бар экен трубканы ала койду атам менен дагы учурашып суйлоштум. Атамдан дагы кечирим сурадым. Атама баарын айтып бердим. Адрести тигил кишилерден сурап айтып бердим. Корсо Африка олколорундо журуптурмун да. Тигил кирген уйдо бир жумадай жашап калдым. Ал уйдун кожоюну дагы жакшы адам экен намаз окуп мусулман экен. Базарда соода кылат экен. Жумушуна жардамдашып журдум. Ошентип бир жума отор замат ата энем кызым келинчегим дагы алар менен кошулуп окмоттон эки киши келишти. Баарысын кучактап алып ыйладым. Суйунучум кубанычым кокко жетти. Баарынан кечирим сурадым. Келинчегим дагы апама окшоп козунун жашын тыя албай суйунуп ыйлап турду. Атам дагы мени копко кучактап турду. Ошентип учакка олтуруп Кыргызстанга уйго сапар алдык. Учактын терезесинен жерди карасам баягы чол жатат саргайып. Кош бол сары кум сары чол дегенсип карап жаттым. Козум жашылданып кетти. Уйго барып эс алып калдым. Коп отпой жумушка чыктым. Бирок тункусун чочуп тердеп ойгонуп жаттым. Тушумдо дагы деле баягы чолдо журуптурмун. Келинчегим суу алып келип берип ойготуп жатты. Антип жатканымды ата энеме айтпашын сурандым суйуктумдон.Мени издеп кыйналышкандары аз келгенсип эми мынтип чочуп тункусун уктай албаганымды угушпай эле койсун дедим. Намаз окуган дос балама жоолугуп баарын айтып бердим. Анан ага кошулуп мечитке бара баштадым. Ошентип бара бара баягы жаман тушторум жоголуп кетти. Ата энемди мекеге алып барып келуунун аракетин коруп кун тун иштеп акча топтодум. Ал убака чейин ата энем мени намаз окуп жакшы жакка озгоруп калганымды корушуп алар дагы намазга ниет кылып калышкан эле. Ошентип мурункудай айтышпай бултундабай сылык суйлоп калдым. Аларды сыйлап урматтаганды уйрондум. Анын баарысын Ислам дин аркылуу уйрондум. Ошентип ата энем келинчегим да баарыбыз беш убак намаз окуп калдык. Убакыт отуп акча топтолуп баарыбыз тен мекеге сапар алдык. Ал жактан сыйынып чыгып бутуп Африкадагы баягы мага жардам колдорун сунушкан негр кишилерге зияратка бардык. Кыргыздын тамак аштарын кыргыздын калпак чапандарын алып бардык. Жаныбызга
бир котормочу кошуп алдык. Барсак кубанып тосуп алышты мусульман мусульман дешип. Дасторкондорун жайнатып тамак аштарыбызды бердик. Кулуп койду. Суйлошуп олтурдук. Котормочу оз ишин кылып жатты. Мен ойлогон элем башында мен мусулманмын дегеним учун келип кучактап жардам беришти го деп. Корсо жай эле сураптыр да. Динде жургон адам сурайт экен да. Алардын айтуусу боюнча мусулман деген боорукер болот мусулман эмес адам жардамга муктаж болсо дагы ага дагы жардам беребиз деп айтышты. Аллахты улуктап олтурушту. Даават айтышты. Мусулман болгондон кийин башка мусулман эместерди дагы динге чакырышыбыз керек да алар дагы билбей адашып журушот да мусулман деген ким Ислам деген эмне кандай дин экенин тушунушсо алар дагы сиз менен бизге ошоп мусулман болуп калышат да. Озубузго каалаган жакшылыкты башкаларга дагы каалашыбыз керек да. Ошондо толук мусулман болобуз. Озумчул болгон болбойт. Бул дуйнонун жана аркы дуйнонун бактылуулугун бир гана Ислам дини аркылуу таба алабыз. Акча дуйно байлык бийлик бактылуу кылбайт. Андай болсо байлардын баарыдыгы бактылуу болуп калышмак да. Банкта акчасы толуп жатса дагы тункусун дуйнону ойлой берет дагы кантиш керек дагы акча кобурок табыш керек дей беришет да.Байыган сайын дагы байыш керек дей берет. Ошого жараша жашоосу тынч бактылуу болсочу кана. Эл катары аларда деле уруш талаш болот алар деле ыйлашат кыйналышат. Бирок акчасы бактылуу кылган жок да. Бактылуулук деген бул эн биринчи журогундо тынчтык уйундо ызычуу жок бир биринди сиз биз деп сыйлап урматтап турсак ошол бакыт эмеспи. Кундо ызычуу болгон уйбулоо кантип бактылуу болсун. Ошентип сиз биз деп бири бирибизди сыйлап сыноолор келгенде ачууга алдырбай жаман ойлорго алдырбай сабырдуу болуп ынтымактуу болуп жашаш учун намаз окуп Ислам динин тушунуп дин менен жашасак ошондо гана бактылуу боло алабыз бул дуйно акыретте дагы деп коп жакшы туура создорду айтып олтурушту. Аягында кетеерибизде ыраазычылыгымды билдирип бир аз акча сунсам алар баштарын чайкап албай коюшту. Ошентип алар менен коштошуп биртуугандай кучакташтым. Ошондо мусулман деген боорукер ою таза журогу таза адам болуш керек экенин дагы бир ирет тушундум. Ошентип арадан жарым жылдай отуп кетти. Азыр келинчегимдин боюнда бар эркек экен. Баары жакшы Кудайга шугур. Ата апам намаз окушат келинчегим оронгон. Баарыбыз дин менен жашашка аракет кылып баштадык. Уйго жумуштан келсем мурункудай ата энемдин кыжы кужу создору жок дин жонундо суйлоп калышты. Бири бирин сиз деп сыйлашат. Келинчегим да мени сиз деп калды мен дагы сиз деп коём. Сиз биз деп сыйлашып жашаган керемет жашоо экен да. Бир чон соода кылган дукон ачып алганбыз Кудайга шугур оокат болуп жатат. Коп деле жулунбаймын. Дин менен дуйнону тен алып кеткенге аракет кыламын. Ошентип эскирип калган кундолугумду чонтогумдон таап баарысын башка жаны кагаз бетине тушуруп жаздым. Азыр жанымда кызым баягы мен ала келген таш бака менен ойноп жатат. Ал чоноюп чон ташбака болду. Озунчо уй жазап койгомун. Эмне жейт эмне ичет экенин баарысын сурап билип даярдап койгомун. Кызым эрмектеп куну туну карайт. Кееде мен дагы колума аламын. Мурункудай башын катпайт. Бизге конуп калды. Карап тамагын берип олтуруп чолду откон кундорумду эстеп кетемин. Жашообузга нааразы болбой алты саныбыз аман болуп жакындарыбыз менен бирге жургонубузго ар бир аткан танды коруп жатканыбызга Кудайга шугур кылалы деп айтаар элем ким окуса дагы.
АЯГЫ.
Автор Kg Jigit.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1