Свернуть поиск
Правая колонка
4 - болум.
Жанр - драма триллер.
Бул ойдон чыккан чыгарма.
Автор Kg Jigit.
Саламатсызбы бул банкта кредит берилеби ыя?......... Кубаныч бол тезирек отчетторду даярдап кой азыр шеф келет экен уктунбу........
деген ойлор мени курчады. Килтейген чолдо жалгыз болсон ойлорун сага досун ойлорун сага душман болот экен да. Кыйналганда ар кандай уйгу туйгу ойлор да келет экен. Карангы ойлор да келет азгырып жаман ишке туртот... " Кубаныч, болду эми каяка жулунасын, бутконун ушул болду бул кундор сенин жашоондогу эн акыркы учурлар, кантип кайдан ким сага жардамга келмек эле коп болсо бир эки кун чыдайсын анан ачкадан озунду озун жеп олосун да. Ага жеткирбей эле колундагы калеминди мойнуна бир сайгын. Болду ошо менен кыйналбай олосун бул азаптан кутуласын деген азгырык ойлор да келет экен. Бир жагынан жакшы ойлор умуттор да келип жашоо учун куроштурот. Кылган ишим ушу болду басам чарчасам дем алып олтурам жана ойлор менен алекмин. Бир топ бастым эч эле бир караан корунбойт да. Караан дегеним бак дарак же адам. Балким адамдар дагы отуп калабы деп да ойлодум караван болуп. Тоолор менен чолдордо журуп калышчы эле мындайда бир тируу жан корунбойт да. Мынчалык кыйналдым азап тартып жатам деп озумдон сураймын. Балким кылган туура эмес иштерим учун жооп берип жатамбы Кудайым мени бул дуйнодон эле куноолорум учун жазалап жатабы деп ойлондум. Бул дуйно сыноо дуйно деп койот тура ар бир адамга Аллахым сыноо жонотот экен деп жума намазга барганда угуп калчуу элем деген ойлорго курчалдым. Олтуруп алып Аллахтан сурандым тилендим. - Ооо Жараткан Аллах билип билбей кылган куноомду кечир сен боорукер кечиримдуусун кечирип койчу мени бул азаптан куткарчы деп ыйлап эки колумду жайып алып сурандым. Ата энемди укпай тил албай айтышкан кундорум коз алдыман отуп турду. Ушул кылык жоруктарым учун жооп берип жатам деген ойго келип такалдым. Байкуш келинчегимди дагы жону жок жерден шапалактап салган элем. Бир куну жумушта шеф менен кыжы кужу болуп урушуп кеткем анан кечинде уйго келдим. Суйуктуум адатынча ал убакта тамак бышырып дасторкон жазып атам апам менен тамактанып олтуруптур. Мени коруп кубанып келип бетимен ооп тосуп алды. Суйуктуумду апам атам экоо тен оз кызыбыздайсын деп эркелетип жакшы корушот. Ал дагы тыпылдап айткандарын дароо аткарып аларды жакшы корот. Негедир ошол кундогу тамагы тузу аз болуп калгансыды же ачуумду суйуктуумдон чыгарайын дедимби айтоор дароо тарелканы туртуп койдум. Ата энем - ой балам жумуштан келдин го жесенчи курсагын токпу же? - жок апа жегим келбейтат
- балам эмне болду бир жерин ооруп турабы? -жок баары жакшы эле мен уйкум келип жатат - макул балам эс ал уктай гой - макул сиздер шашпай иче бергиле. Ошентип маанайым жок жатсам келинчегим апамдарга тамагын берип уй оокаттарды буторуп койуп жаныма келди..
- Жаан..не болду сага ыя?
- эчтеке
- тамагым жакпай калдыбы?
- ооба демейде шумдук жазайт элен го
- не болду?
- тузу аз болуп калыптыр эмне болмок эле
- аа билбейм тузду демейдегидей эле кошком
- ийе макул мен уктадым
- жаан болдучу эми ошого да таарынасынбы а. Макул анда азыр сага сенин жакшы коргон тамагынды жазап берем
- кайдагы эми жазамак белен тун жарымда калдыратып шалдыратып баары уктап калышса
- макул анда калдыратпай эле жумуртка кууруп берейин анда тез эле бышат ачка жатканынды коргум келбей жатат жаан. жаан? макул мен кеттим азыр э.
(он муноттон кийин келди)
- жаан тур могуну жеп алчы кана?
- э койчу жебейм эчнерсе
- туур эми таарынам азыр жаан
- башты ого бетер ооруттун го сен уфф.. уктатасынбы деги
(келинчегим бултуйуп калды да айтты) - тамагым жакпаса анда озун жазап же уктунбу деп суйлонуп эшикти коздоп чыгып баратканда оордумдан тура калып эки аттап жетип барып колунан тарттым
- эмне дейсин укпай калдым дагы айтчы? (ачууланып)
- эчнерсе (коркуп)
- сен турганда тамакты эркек башым менен мен жазайт экем да э ыя
- Куба койо берчи колумдан ооруп кетти
- мен сенден сурап жатам ошондойбу дейм ыя?
- ий ооба болдубу
- анда мына сага тамак деп бетине бир шапалактадым. Байкуш назик жаны томолонуп барып жыгылды. Озумо катуу эмес жай ургандай сезилген болчу корсо тиги байкушума абдан катуу тийиптир томолонуп кетти да. Унчукпай жатып алдым. Ошондо биринчи жолу колум тийди. Унун чыгарбай ыйлап жатып уктап калды. Бир эки кун таарынгансып журду гул алып келип сулуусун деп кайра маанайын которуп койгом. Бирок кечирим сураган эмесмин. Ошентсем да мени жакшы корот жадырап жайнап тосуп алат иштен келсем ар дайым кубануу коздору менен карайт. Эми ойлосом шеф менен уршуп кетип ачуумду суйуктумдон чыгарыптырмын да. Ошонун баарын эстеп олтурдум. Ойлорум менен жакындарымдын жанына барып келип жаттым. Карасам айлана тынч дале эчким корунбойт. Же мен куткон бак дарактан дайын жок. Бир маалда шшшшшшшшш деген дабыш угуп калдым. Карасам бир жылан бутумдун астында сойлоп баратыптыр. Даро эле колумдагы калемим менен башына сайып жибердим. Ошол жерден тынчып калды. Чонтокторумду карасам документ кагаздар бар экен банктагы эскирип бутуп калыптыр. Бир чонтогумдон ширенке чыкты. Жылаанды куйкалап жейн деп эки таш таап ортосуна кагаздарды тыгып жатып карасам бир кагаздын ичинде катылып бир сурот журуптур. Алып карасам уйбулом менен тушкон сурот экен. Ал кагаздын ичине салып койгонумду унутуп калыптырмын. Ал суротто атамдын туулган кунундо тушкон элек. Элуу беш жашка чыккан болчу. Атам апам мен суйуктуум кызым бешообуз. Суротту копко тиктеп олтуруп козумо жаш алдым - апа ата кызым суйуктуум силерди кайрадан корор бекем мен силерди абдан жакшы коромун силер менин журогумдосунор деп суротту кайра чонтогумо салып койдум. Курулдаган курсакты тойгузуу болуп заматтын ортосунда жыланды куйкалап жибердим. Жыланды жеп атып суротту ойлоп дагы бир ирет козум жашылданды. Курсак тойгуздум абдан суусадым ботолкону карасам суу туйундо эле калыптыр. Оозумду ачып эки уч тамчы тамчылаттым да кайра оозун бектип койдум. Баарынан да сууну коп кетирбеш керек болду да. Ошентип бир аз эс алып жатып калдым. Кун айланып кеч убак да жакындай тушту. Аз маз салкындап калды. Кумдун ысыгы таркап жылуу болуп калыптыр. Ошентсе да жатканымда кунго куйгон далдарым ачышып жатты. Ошентип бир маалда чалкаман жатып алып мектепте окуп жургонумдо жакшы коргон ырымды ырдап кирдим..... Кыргызстан деген жерлеринде козумдон мончоктой жаштар чыгып жатты ыйлап атып ырдадым......
(Бек Борбиев ырдаган ыр)
Кай күнү, кай мезгилде карабайын,
Шаттанам келбетиңе баладайым.
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Жаныма дары арча,карагайың.
Мен сенин майрамыңа бөлөнгөнмүн,
Өзүңдөн агарганмын, көгөргөнмүн.
Мен сенин кулунуңмун, Кыргызстан,
Мен сенин кубанычыңа төрөлгөнмүн.
Кең жазда термеген ырларыңды,
Жуткандай боломун мен булагыңды.
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Комузуң кандырат го кумарымды.
Аруу таң, ай нуруңан туулганмын,
Айтылган сөзгө бекем уулуңданмын.
Мен сенин кырааныңмын, Кыргызстан,
Мен сенин таалайыңа туулганмын.
Кай жерде жүрсөм дагы эске келесиң,
Жүрөккө эм бересиң, дем бересиң,
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Көңүлдүн асманындай өңдөнөсүң.
Желпилдеп желкеге чач тараганмын,
Көңүлүм күзгү кылып караганмын.
Мен сенин булбулуңмун, Кыргызстан,
Мен сенин бакытыңа,
Мен сенин бакытыңа жаралганмын.
........уландысы бар......

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев