Тагдыр сени , койсо кээде көтөрүп ,
Такыр эле , кетпе досум сен көбүп .
Ташка чапса , талкаланат үмүтүң ,
Турба анан , боз чаң болуп күбүнүп.
Тагдыр койсо , бирде сени кемитип ,
Такыр анда , жүдөбөгүн сен кемип .
Тик тургунуң , баш ийбегин , көтөрүл ,
Таалайыңа , түз карагын ишенип ,
Тагдыр ташың , турса кулап жогору ,
Теңсинбестен , элден өйдө болбойлу.
Теңеп койот , эртең эле мурдуңду ,
Текебердик , кылбай адам болойлу .
Тагдыр кээде , ойнойт сени боздотуп ,
Таш боор мерез , адамдарга кордотуп .
Теңелбегин ,андайларга сынбагын ,
Туура бир күн , калат ал да кор болуп .
Тагдыр сени , койбосо эгер хан кылып ,
Таарынбагын , ага досум кайгырып .
Татым тузу , кем болот дейт хандын да ,
Таалайыңа , болот далай жакшылык .
Тагдыр ошол , бирде койот жогору,
Ташың дагы , бийик учуп оболу .
Турганыңда , болсоң эгер сен адам,
Тоголонсоң , сунат сага колдорду .
Автор Мидин Каимов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев