АПА
Сагындым сизди алтыным апам
Санаа тартып жазылбай капам
Сарсана түшө бук болгон кезде
Сабылып ырдап көңүлдү ачам
Санчылып дилим өзүңдү ойлоп
Сайышып жүрөк кусага батам
Сапарга чыктым билсеңиз качан
Сансыз ойлорумду ичиме катам
Саламың айтсаң эркелеп кетип
Сагыныч бийлеп кызыка батам
Сабыр кыл эми аз калды мына
Сагынтпай сизди жакында барам
Сайпидин Газыев Абдуллаевич 01.11. 2016
Бобоназаров Баходир Урол углиге таандык патент таап алдык. Баходир эгер окусан бул фб личкага кайрыл. Класс басып таратып коюңуздар таап алсын. Тел: 89651253290; 89038755261