Предыдущая публикация
??
Таң атпай келип, ызгаары кыштын суугунда.
Тагдырын элдин, дагын бир ирет буудуң да.
Табышмак мага, кырсыкбы, же бир атайын.
Табалбай турам, ойлонуп мунун жообун да.
Кудайым бизге, көп жолу берип эскертүү
Кыйкырык чыгат, эскирбей жатып жаңысы.
Кыргызым ойлон, пейилди оңдо, дегенсип.
Кырк айы өтпөй, ар жерден чыгат дабышы.
Канчасы кетти, уйкудан көзү ачылбай.
Ким билет канча, жаш бала учту жан сыздай.
Катаасы болсо, жасаган жалган жашоодо.
Кечиргин Аллам, пендеңдин жаны алсыздай.
Көрөөргө күнү, бүтүп бир калган окшойбу,
Көралбай тууган, сөөгүнү издеп жоктойбу?
Көөдөнгө толду, кайгылуу күндөр элимде.
Кудай ай, кечир, Кыргызга кырсык токтойбу?
Шаку. Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев