Канча журом уурданып
Акылыма баш бербестен эт журок
Ашык болдум бир сулууга деп журот
Акыл салып жан досумдан сурасам
Акмак болбо карыганда деп кулот
Акыл менен калчап корсом мен чыны
Акмак эле суйот бекен жаш кызды ?
Ар адамдын укугу бар суйууго
Абдан жашпы мейли балким карыбы?
Ак суйуумду арнап суйдум ал кызды
Айбы Кунбу асмандагы жылдызбы
Ашыктыктын бир дабаасын табалбай
Арман кылдым кызым менен тен кызды
Мени суйдун жаш болсон да берилип
Мен да суйдум жаш жигиттей ээлигип
Муздап денем калган кезде жылытып
Мээрим чачтын картайганда кезигип
Денем куйуп оттой жандым тутанып
Даамын татып махабаттын кубанып
Деген менен журогумдо суроо бар
Дагы канча журом минтип уурданып