???
Ажалың жетип күн бүтсө.
Ак таңың дагы буйрубай
Армандуу, асыл шордууга.
Ак кепин калды таңылбай.
Алаамат күндө күн бүтсө
Ай дагы түндө жаңырбай.
Азапка баткан шордунун.
Ак сөөгү калды табылбай.
Алланы калдык унутуп.
Акчага сугун бургандар.
Ааламдан кетти бээ ажал
Адалдап жашоо кургандар.
Асмандын бүркөө кабагы.
Акмактар тирүү жүргөнгө
Адамдык калбай касиет.
Арамдан өмүр сүргөнгө.
Акаарат кылып Аллага.
Айың кеп катуу салабыз.
Айыбын издеп ар кимдин.
Армандуу күндө калабыз.
Айтылбай келген кырсык деп
Абийирди бетке жабабыз.
Аллахга жакпай жатканын.
Ажал деп, жообун табабыз.
Артында калбай туягы.
Армандуу кетти жаштарың
Азапка бүткөн күнбү деп
Апалар тытып чачтарын.
Ааламы тарып жашоодо
Аталар калды каш кагып.
Алып да кетет турбайбы.
Ажалың турса баш багып.
Шаку. Москва
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев