Свернуть поиск
Правая колонка
Бир айылда кичинекей жаштагы бир бала ата-энеси менен жашайт эле. Бала адепсиз болгондуктан кичинекей нерсе үчүн да тез ачууланып, кээде кармана албай калчу. Ал досторуна, кошуналарына жана өзүнөн кичинекейлерге дагы жаман мамиле кылаар эле. Натыйжада баары андан алыс боло баштады. Мындан ата-энеси да көп кабатырланып, баласын туура жолго салууга көп аракет жасап, бирок эч пайда бербеди. Бир күнү атасына бир пикир келет. Ал уулуна бир баштык мык берип, ар бир ачууланган учурда дубалга бирден мык кагууну буйруду. Баласына бул пикир күлкүлүү туюлду, бирок атасынын тапшырмасын аткарууга убада берди. Ошентип бала ар бир ачууланган учурда дубалга бирден мык кагуучу болду. Биринчи күнү эле дубалга отуз мык какты. Бир аптадан соң дубалга кагылган мыктардын саны жарымга азайды. Анткени тез-тез мык кагуу ага оор боло баштады. Өз ишин жеңилдетүү максатында ачуусун азайтууга аракет кылды. Күндөр өтүп бала дээрлик дубалга мык какпаган күндөрү дагы болду. Бул абалды бала өзү бактылуу сезе баштап, атасына кубануу менен айтты. Атасы бул ирет баласына экинчи тапшырмасын берип, дубалга кагылган мыктарын сууруп таштоону буюрду. Баласы таң калды, бирок макул болуп бардык мыктарды сууруп таштап, андан соң атасына келди. Ата-бала биргеликте мык кагылган дубал жанына келип;
-Эмнелерди көрүп жатасың уулум деди баласына кайрылып. Уулу дубалдан суурулуп ташталган мыктардын орундары так-так болуп калгандыгын айтты.
-Көрдүңбү уулум! Сенин катуу сөздөрүн да жүрөккө кагылган мык сыяктуу, сенин дубалга каккан мыктарды сууруп салганын менен орду так-так болуп кала берет-деди атасы.
Даярдаган:Авлиёев Фуркат, Баткен казыятынын басма сөз кызматы

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев