Бакай ата батасы Кыргыз кызы Бактың сенин мол болсун, Теңир сага канат болуп колдосун, Көз жашыңа калган сени сыздатып, Тирүүлүктө деги эле оңбосун. Кыргыз кызы кыялдарың гүлдөсүн, Периштелер эркелетип түндөсүн, Шам чырактай жарык чачып ажарың, Күлкүң сенин бүт Ааламды күүлөсүн. Кыргыз кызы Манас атаң коргосун, Каныкейиң берип сага ордосун, Очогуңа Куту тамып Теңирдин, Барган жерге Бакыт-Дөөлөт орносун. Кыргыз кызы мол түшүмдүү күзүндөй, Берекең да кенен болсун үзүлбөй. Кылыктанып өз элиңе эркелеп, Жашасаң кен көрө албаска сүзүлбөй. Кыргыз кызы сулуулугуң булактай, Аруулугун Аска-зоодой кулатпай, Аталардын абийирин арттырып, Жашасаң кен чуркап эркин улактай. Кыргыз кызы обон созуп ырд
    1 комментарий
    18 классов
    Манаска кырк чилтен, Шай, Кызырдын жолукканы Таң кашкайып сүргөндө, Жерге жарык тийгенде, Супа садак чалганда, Таң сөгүлүп калганда, Таң атардын муздак жели урганда Камыштын башы зыркырап, Балапан торгой чуркурап, Жерге жарык тийди эле, Жанындагы кырк бала Кыраң жерди караса Көңүлү кетип бөлүнөт, Кыраң менен бир болуп, Кырк бала менен Манаска Бир карышкыр көрүнөт. Карышкырды көргөндө Арсландай чамынып, Кайыптан акыл табылып, Денеси үркүп чочунуп, Коржоктогон шер Манас Торучаар атты токунуп, Кылычты кынай жайланып, Чокморду туура байланып, Береленип белсенип, Берен Манас көк жалың Бери ургандай теңселип, Ар болотун шайланып, Жабдык жасап байланып, Жанындагы кырк бала Каарланып таптанып, Ка
    0 комментариев
    14 классов
    ӨТҮМДҮҮ ТОВАР (Аңгеме) Зуура эже дүкөндүн муздаткычына энергетикалык суусундуктарды тизип жатып, өзүнчө күңкүлдөдү: - Өңдөрүн кара, атаңдын көрү! Ууну да ушинтип кооздоп сатышат экен. Кызылы, көгү, карасы, сарысы... Ар биринин сыртында "күч берет " деген жазуу, көз жоосун алган сүрөт. Биринен күч-кубат табасың, экинчисин ичсең чарчабайсың, үчүнчүсү уйкуңду ачат имиш. Зуура эже мунун бирин да ичип көргөн эмес. Бирок алган кардарларын күн сайын көрөт. Айрыкча жаштар көп сурашат. Кээси бир банка менен кетсе, кээси эки-үчтөн алат. Өтүмдүү товар. Кожоюндун сүйүнгөнүн айтпа. Дүкөн Зуура эженики эмес. Өзү жалданып иштейт. Ичиндеги товар да, түшкөн пайда да кожоюндуку. Бир жолу бул ичимдиктерди
    2 комментария
    39 классов
    КӨЗ АЛДЫБЫЗДАГЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК — Эй, балдар! Дөбөт ит кетип баратат, карасаңар! — деп Улан эшиктин ачкыч салчу тешиктен шыкаалап калды. Залда ойноп жаткан балдардын баары оюнун токтотуп, эшикти көздөй чуркап келишти да кичинекей тешиктин алдына бири-бирин түртүп кезекке турушту. — Болду эми, жылчы! Мен да көрөйүн! — Кана, кана, чоң дөбөт бекен? — Ооба, чоң окшойт, бирок жакшы көрүнбөй жатат… — Анда жылсаң, мен деле көрүп калайынчы! Биринин артынан бири тешиктен шыкаалап, көргөндөрү көрбөгөндөргө мактанып, көрүүгө жетишпей калгандары нааразы болуп турушту. Ар кимдин өз кезеги келгенче көзү тешикте, көңүлү сыртта эле. Ошол учурда алардын жанында турган Бакыт таң кала карап: — Эй, силер э
    0 комментариев
    18 классов
    Эркек балалуу болууну каалаган учурда илимде тамактанууга көңүл буруунун зарылдыгы айтылат. Мисалы, калий менен натрийге бай азыктар уулдуу болуу мумкунчулугун жогорулатат. Алар төмөнкүлөр: 🥔🥦🍆🥬Жашылчалардан: картошка, капуста, баклажан, ашкабак, помидор, шпинат. 🍌🍒🥭Мөмө-жемиштерден: шабдалы, банан, өрүк, кокон гиласты колдонуу талапка ылайык. 🌰🥜Кургатылган мөмөлөрдөн: өрүк как, кара өрүктүн кагы, мейиз жана курма. ☕🥤Суусундуктардан: жогорудагы кургатылган жемиштерден жасалган компоттор, чай, кальцийи жок минералдык суулар, күнүнө бир гана чашка кофе ичүү керек. Алкоголдук ичимдиктер, сыра жана айранды таптакыр ичүүгө болбойт. 🥩🍖Эт азыктарынан: кой, малдын кара эти, сапатту
    0 комментариев
    26 классов
    ИЧЕГИНИН ДУШМАНЫ – КҮЧТҮҮ ТАМАК-АШТАР Ичегиде оору жаралганын чекеде жана ооздун айланасында безеткилердин чыгышы менен билдирет. Демек, ичегини текшертип, тазалап, дарылоо кажет. Бирок дарылануудан көрө оорунун алдын алуу оӊой. ИЧЕГИЛЕРДИН МИЛДЕТИ Адамдын ичегилеринин жалпы узундугу 6-8 метрге чейин жетет. Ичеги жалпысынан 2ге бөлүнөт: ичке ичеги жана жоон ичеги. Адамдын жеген тамак-ашы ашказанда майдаланат да, бөлүнүп чыккан маӊыздар менен суу, негизинен, ичке ичегиде сиӊип, анан канга аралашат. Сиӊбей калган тамак калдыктары жоон ичегиде топтолуп, түз ичеги аркылуу сыртка чыгарылат. Ичегилер жакшы иштеши жана сезгенбеши үчүн адам жаӊы даярдалган тамактарды ченеми менен жеп турушу к
    1 комментарий
    25 классов
    Ит мурундун пайдалуу жактары Аңкыган гүлү менен жаратылышка көрк берип, мөмөсү адамдардын организмин чыңаган ит мурун өсүмдүгүнө көп деле маани бербейбиз. Көптөгөн ооруларга дарылыгы бар өсүмдүктү табигый дармек деп да атап койсок болчудай. Ит мурундун курамында: 14-60 грамм суу, 1,6-4 грамм белок, калий, кальций, магний бар. Ошондой эле B1, B2, PP, K, E жана C витаминдерин кездештирүүгө болот. Аталган жемиштин курамында C витамини карагаттыкынан 5-10 эсе, лимондукунан 40 эсе көбүрөөк. Анын дарылык касиети: кан айлануу системасын тазалап, зат алмашууну жакшыртат. Ит мурундун мөмөсү аз кандуулук, боор жана бөйрөк ооруларына дары катары сунушталып келет. Ал заара чыгаруучу, дене табын түшүр
    0 комментариев
    40 классов
    Жараткан Аллахка чеги жок мактоолор болсун!!! Аллахым адам затын жараткандагы можизасы, сиздер көрүп турган сүрөт, ымыркай жарык дүнүйөгө жаңы эле төрөлгөн убагы. Бул ичеги эмес,бул киндик! Эне менен баланын ортосунда гы үзүгү жок байланыштырган киндик. Ичиндеги 3 көк тамыр көрүп турасыздар,. 1)балага кислород жеткирүүчү, 2) баланы азыктандыруучу, 3) балага керек витаминдерди өсүшү үчүн жеткирүүчү тамырлар. Бир тамчы суудан бир чоң адамды сулуу, келбеттүү кылып жараткан Аллахка шүгүр айталы Наалыбаңыздар, бизди Аллах ушунчалык чеберчилик менен жаратты.
    4 комментария
    34 класса
    ЧЫЧЫРКАНАКТЫН ПАЙДАСЫН БИЛЕСИЗБИ? Чычырканакты көпчүлүк мезгилде жүрөк,кан-тамыр ооруларын дарылоодо кеңири колдонулат. Адистердин айтымдарында, аны ар дайым жеп жүрсөңүз - инфаркт жана инсульт ооруларынын алдын алуунун эң жакшы ыкмасы болуп эсептелинет. Анткени, чычырканактагы С витамини жүрөк булчуңдарын бекемдөөдө кызмат кылат. Эгерде күнүнө 50-100 граммдан чычырканак жесеңиз, организмиңиздин С витаминине болгон бир суткалык муктаждыгын канааттандыргандыкка барабар. 🟠Колдонуу ыкмалары: 1) Муун ооруларында жана ревматизмде чычырканактын жалбырагынын маңызын же чайын пайдалануу зарыл. Маңыз мындай жасалат: 1 чоң кашык майдаланган кургак жалбыракты 1 стакан сууга 10 мүнөт кайнатуу ке
    0 комментариев
    41 класс
    Адамдар эмнеге бой көтөрөт? 6 мисал Текеберчилик (бой көтөрүү) - бул оору. Текеберчилик – бул адамдын өзүн башкалардан жогору сезүү, бой көтөрүүсү. Бул оорунун айынан адам баласынын башына канчалаган мүшкүл түшүшү мүмкүн. Сиз өзүңүзгө “Мен текеберминби? Бирөөгө бой көтөрдүм беле?” деп суроо бердиңиз беле? Же качандыр бир бой көтөргөн учуруңузду сездиңиз беле? Адам ар дайым өзүнүн адамдык сыпаттарынын үстүнөн ой жүгүртүп, кемчиликтерин оңдоого аракет кылып туруусу зарыл. Балким, ал өзү байкабай текеберлик көрсөтүп, бул сыпаттын кантип күчөп кеткенин сезбей калышы мүмкүн. Төмөндө текеберчиликтин белгилери жана дарылоо жолдору.
    0 комментариев
    20 классов
Закреплено
  • 593
Зуура Осмонкулова
Зуура Осмонкулова
bakyty
  • 18
Салама Исаева
Салама Исаева
Азаматсың 👍👍👍
bakyty
  • 14
bakyty
  • 39
Б Т
Б Т
Туура ушул энергетикти саттырбаш керек.
bakyty
  • 18
bakyty
  • 25
рамазан мамытбеков азаматович
рамазан мамытбеков азаматович
bakyty
  • 40
bakyty
  • 34
Роза Курманкалиева
Кудайымдын кереметин карагылпчы баланы ачка болбосун деп Тобо кудайыма шугур ❤️
bakyty
  • 41
bakyty
  • 20
Показать ещё