Бирөөгө кор, бирөөгө зар дүйнө. Бири байлыгын кайда чачып, акчасын кайда жумшаарын билбей жатса, экинчиси бир кесим нанга зар болуп отурат. Тагдырдын жазмышы ушул деген ой менен ага баш ийип, калаанын чет жакасындагы конуштардын бириндеги кичинекей бир бөлмөлүү батирде күн кечирген эненин жашоо-шарты кыйла эле оор. Балдарын өз колуна алып, жок дегенде билим уясына киргизейин деген кыялын бул жолу да таш капты.