Баткен райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмү жарандарга орой мамиле жасашат. Мындан сырткары шарттын жоктугунан 200гө чейин кезекке тургандар бар. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алалбай жумалап бул мекемеде кезек күткөндөр нааразы болушууда. Бирок жетекчилик ар күнү кызматкерлер менен чогулуш өткөрүп, жарандарга сылык мамиледе болууну эскертип турат экен.