Анонс: "Эгемендиктин эшиги ачылды"
1991-жыл тарыхый окуялардын жылы болду, 31-августта Кыргызстан көз каранды эместигин жарыялады, бирок парламентте “Көз карандысыздык жөнүндөгү” декларацияны кабыл алуу оңойго турган жок, көптөгөн кыйынчылыктар менен талашып тартышып жатып ал араң дегенде бекиди.
Туңгуч президент Аскар Акаев Кыргызстанды экинчи Швейцария кылууга сөз берди. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата "Азаттык" үналгысы "25" аттуу атайын долбоорду сунуштайт. Долбоордун 3-чыгарылышын 8-августта саат 21:30да ЭлТР каналынан көрүңүз.