11-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында көк бөрү боюнча Азиянын алгачкы чемпионаты башталып, ага катышкан сегиз өлкөнүн улуттук курама тайпалары өз тобундагы биринчи беттешүүлөрүн өткөрдү. "Б" тобундагы негизги команда болуп эсептелген Кыргызстандын курама командасы өзбекстандыктар менен беттешип, 11:1 эсебинде утуп алышты.