"Биз эл менен" Facebook Live Кызыл-Кыяда.
Кезинде бут кийим фабрикасы, аскердик багыттагы заводу, консерва, май, кыш заводдору, эт комбинаты, көмүр шахтасы дүркүрөп турган Кызыл-Кыяда азыр базардан башка эчтеке жок. Баткендин эң ири шаарынын жашоочуларында көкөй кескен көйгөй көп. Маселени көтөрүп, элге көрсөтүүнү өтүнүп шаардыктар "Азаттыкка" кайрылышты. Кабарчыбыз Ыдырыс Исаков (Ydyrys Isakov) мыйзамсыз бөлүнгөн жерлер, бир күндө бир саат гана берилген суу таңкыстыгы, калааны каптаган таштандылар, кирешесиз шаарда хансарай салган аткаминерлер тууралуу дооматтарды териштирди.
Бул видео кечээ, 27-августта Фейсбук баракчабызда түз эфирде жазылган.
Бишкек, Ош жана башка шаарлардан түз эфирде чагылдырууга сунуштар болсо бул видеого пикир калтырыңыз: