Келиндин үй-бүлөдөгү укуктарын жана милдеттерин эске алганда, анын статусу социалдык жактан эң төмөн. Келинге “ачууланганга болбойт”, “ооруганга болбойт” жада калса “чарчаганга дагы болбойт” деген жазылбаган мыйзамдар бар. Келин тикеден тик туруп кызмат кылышы керек, той-топурда казан башында, калган учурларда босого жакта. Кыйналып кеткен келин арманын айтса, көбүнчө “келинсиң, чыдашың керек” деген жооп алышат. Мындан улам келиндердин коомдогу статусу жөнүндө маселе жаралат.
Расшифровка видео