Казакстанда өткөн эл аралык IMPACT олимпиадасында кыргызстандык мугалимдер жана окуучулар байгелүү орундарга ээ болушту. Анда Математика, физика жана информатика мугалимдеринин жана машыктыруучулардын мелдешинде мекендештерибиз бир алтын, эки күмүш жана эки коло медалга ээ болушса, окуучулар жалпы 17 медаль менен кайтышты. Олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышкан. Бирок бул жеңүүчүлөрүбүздү мугалимдерден башка бийлик тарабынан эч ким тосуп албагандыгы жеңүүчүлөрдү эле эмес соц. тармактарда бир топ нааразычылыктарды жаратты.
trkregion (
https://t.me/trkregion)