Өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында мамлекеттик турак жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча ар кандай чаралар иштелип чыгууда. Калктын турак жайга муктаж болгон айрым социалдык топторуна карата жаңы багыттарды киргизүү боюнча өкмөт мамлекеттик турак жай саясаты чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизди. Эми 4 пайыздык ипотекалык кредитти бюджеттик сферадагы адамдар гана эмес, жеке сектордо иштегендер да ала алышат.
t.me/trkregion