Ар бир кинолг бирден гана ит тарбиялашат. Иттерди 8 айлыктан бир жарым жашка чейинки курактагыларын үйрөтүп башташат. Эгер анын психологиясы жакшы болсо, 6 айда жалпы курстан өткөрүүгө болот. Иттерди шыгына карап тиешелүү адистикке үйрөтүшөт. Кээ бири курал-жарак, жарылуучу заттарды, дагы бири баңгизатын издөөгө даярдалса, дагы бири из кубалайт.