Биз жыныстык инфекция, сексуалдык ыдыктын кесепеттери, ВИЧ/СПИД жана башка көптөгөн темаларды талкуулап, 11 видео подкаст чыгарып, анын ичинде көрүүчүлөрдөн түшкөн анонимдүү суроолорго дагы жооп бердик. Подкасттардын жыйынтыгын чыгарабыз.
Эң маанилүүлөрү:
03:10 Биз үрп-адат, каада-салттарга каршы чыккан жокпуз. Болгону адамдарды ойго салган маанилүү суроолорго жооп табууга жардам берип жатабыз.
06:40 Бизде кайсыл чыгарылыш эң эле популярдуу болду?
09:00 Кайсыл чыгарылыш көп көрүлгөн жок?
11:40 Биз теманын баарын терең ачып бере албасак дагы, адам мамиледе, жыныстык катнашта эмнелерге көңүл буруп, ойлонушу керектигин белгилеп бердик.
13:50 Адамдар жыныстык катнаштан ырахат албай калдык деп арызданган учурдар көп кездешет.
15:40 Алып баруучулар секс тууралуу сүйлөшкөндө ыңгайсыз болушпайбы? Алардын терс комментарийлерге көз карашы кандай?
17:40 Биз оюбузду айтып жатканда этиятпыз, чектен чыккан жокпуз, ар бир нерсени өз аты менен айтып жаттык.
20:40 Бизге ондоп келген суроолор адамдарга бул тема чындап эле кызык жана маанилүү экенин көрсөтүп турат.
23:20 Эгер жыныстык катнаш жана саламаттык жөнүндө сүйлөшпөй койсок кесепети начар болот. Маанилүү нерселерди айтып гана жашыруун, айтылбашы керек деген түшүнүктү жоё алабыз.
Каналга жазылуу:
https://www.youtube.com/channel/UCCZa43syqWs7EqllazNPq7A
Биздин веб-сайт:
http://ky.kloop.kg
Facebook:
http://fb.com/kloopkyrgyz
Twitter:
http://twitter.com/kloopkyrgyz
Instagram:
http://instagram.com/kloopkyrgyz