Сөзү Обону : Жолболду Алыбаевдики
"Чолпонум" деп ат коюп чоң казалды баштадым.
Аялзаттан сенчелик ашкан сулуу таппадым.
Күлкүң кетпей оюмдан күндүз сенсиз баспадым.
Түшкө кирип азгырып түнү сенсиз жатпадым.
Сугум артып башкага сүйүү отун жакпадым.
Түнү күндөй, күнү айдай түңүлбөдүм, батпадым.
Бир өзүң жок түнөргөн булут болду асманым.
Бийлиги өтпөй жүрөккө да бир өзүңдөн башканын. 3
Шириндигин өрүктүн курмасы элең, Чолпонум.
Кумар күчүң шараптын туулмасы элең, Чолпонум
Койкойушңн куштардын турнасы элең, Чолпонум.
Жаш да болсоң жүрөктүн куурдашы элең, Чолпонум.
Кучагымда балыктай туйлачы элең, Чолпонум.
Башкалардан артыкча сыйлачу элең, Чолпонум
Күндө бир маал көрбөсөң ыйлачу элең, Чолпонум
Дайым бирге болсок деп, кыйначу элең, Чолпонум. 3
Жарашыгын жапандын жоолугундай, Чолпонум.
Жаралышын жандуунун сонунундай, Чолпонум.
Койколушун кытайдын көйнөгүндөй, Чолпонум.
Көрүнүшүн айдын көл, өрдөгүндөй, Чолпонум
Өтүмдүгүн чет элдин буюмундай, Чолпонум
Өңү өчпөгөн алтындын тыйынындай, Чолпонум
Тишиң аппак Берметтин тунугундай, Чолпонум
Этиң жумшак жибектин сылыгындай , Чолпонум. 3
Бар турпатын бейиштин бакчасындай, Чолпонум
Белгилүүсүн күлүктүн кашкасындай, Чолпонум.
Ачылганың кыргыз үч пахтасындай, Чолпонум.
Эркектердин эңсеген максатындай, Чолпонум
Күлсөн күлкүн комуздун добушундай, Чолпонум
Салкындыгын жайлоонун конушундай, Чолпонум
Жаркындыгын алтын ай болушундай, Чолпонум
Назиктигин жүрөктүн согушундай, Чолпонум. 3
Жолуккан түн кадырдын түнү болчу, Чолпонум
Мейкин талаа жыргалдын уйу болчу, Чолпонум
Сулуулугуң кыздардын үрү болчу, Чолпонум
Даарылыгың мээр чөптүн түрү болчу, Чолпонум
Кийинишиң килемдин түрү болчу, Чолпонум
Сүйлөгөнүң жылаажын үнү болчу, Чолпонум
Жыттуулугун жийденин гүлү болчу, Чолпонум.
Жүрөгүндө акактай сүйү болчу, Чолпонум. 3
Ылгабайт деп Махабат ырас айтат Бегимай.
Ырдашкандыр бизчелик Ыраймалы Бегимай.
Умут деген чиркиндин үзүлгөндө төбөсү,
Модогондур мага окшоп ай мөр сулуунун Болоту
Ашыктыктын курманы аты дайын кыргызга,
Сүйүшкөндүр бизчелик Саткын менен Кулмырза.
Зар айткандыр тагдырга Зыйнаш сулуу сенчелик.
Арман ырын төккөндүр Абдырахман менчелик. 3
Болсо сулуу Аймөлмөл болгон чыгар сенчелик.
Булбул үндүү Барпы акын күйгөн чыгар менчелик,
Болсо Аксылык Көксулуу болгон чыгар сенчелик,
Женилдеген Женижок да сүйгөн чыгар менчелик.
Болгон болсон Күкөй кыз болгон чыгар сенчелик,
Күү чыгарып оогачын күйгөн чыгар менчелик
Болсо айтылуу Алымкан болгон чыгар сенчелик,
Тоо булбулу Токтогул да сүйгөн/күйгөн чыгар менчелик. 3
Ырдан уландысы толук батбай калды. жакында видеонун озуно киргизебиз, каналга жазылыныз.