Белгилүү эстарада ырчысы Айгерим Расул кызы «Өзүң эле» аттуу ырына абдан масштабдуу клип тартып жаткандыгын өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.
Клиптин идеясы Айгеримдин өзүнө таандык, ал эми койгон режиссер Эрнист Сыдыков.
Тартуу процесси Ысык-Көл облусунда болуп, ага 80ден ашык адам катышты. Айгерим анда Клеопатра ханышасынын ролун аткарган. Тартуу иштери бүткөн жана клипке жакын арада күбө боло алабыз.
Ал эми жыландар менен кантип корпой тартылган деген суроого: “Жылан жыландан коркпойт. Ошондуктан кооптонбой эле кармадым”,- деп билдирген.