Мерьем Узерли кыргызстандык ырчы Нурайым Азыкбаева ырдап жатканда ыйлап жиберген. Ал видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
“Урматтуу Нурайым Азыкбаева! Сиздин бизди тосуп алгандагы энергияңыз, аткарууңуз, сонун үнүңүз жана ырыңыз жүрөгүмдүн түпкүрүнө чейин жетти. Мага ушундай сезимди тартуулаганыңыз үчүн рахмат. Сиз эң сонун аткаруучусуз”, — деп Мерьем Узерли суктануу жана ыраазычылык сөздөрүн жазган.