Таң чолпонум
Сөзү Б.Алаковдуку
Обону Эсенбек Мааданбековдуку
Сагынып дайым сени тосуп келсем,
Таң Чолпонум бет алдымдан чыга келсең.
Тоо койнунан издеп жүрүп терип келген,
Гүлдестени тилек менен өзүңө берсем.
Элесиң эске түшөт ошол замат,
Жүрөгүмө кубанычтын нуру тамат.
Көк мейкинден нурун чачкан Чолпон жылдыз,
Көз карашың түбөлүккө эсимде калат.
Ардагым алыстасаң менден эми,
Саамайыңдан сылай берсин тоонун жели.
Элим үчүн талыкпастан эмгектенип,
Ар убакта үмүт үзбөй күтөмүн сени.