МЕНИН ЫРЫМДЫ ТЫҢДА
Ырдабай кантем көңүлдө турса нота чертилип,
Ыр менин жашоом, ыр мага келет дайым дем берип.
Ыргалып күүгө, назданып кыздай кылыгы назик
табийгат бийлеп, айлана кошо тыңшайт термелип.
Ырларым менин жер жүзүн каптап шаңга бөлөсүн,
Жаштыктын дагы сүйүүнүн шаңы - ыр деп билемин.
Тартуулап бакыт, себепчи болуп кимдир бирөөнүн
Жакшылыгында, кубанычында жаңырса деймин.
Көңүлдү баалап, өмүрдү барктап жашап жүрөлү,
Түшүнсөң эгер дарылайт жалгыз ырлар жүрөктү.
Жадырап турсун маанайың дайым жылмайып жаша,
Ырымды уккун, белегим сага, чөксө көңүлүң.
17.11.2020
Автор: Гүлзат Кудайбердиева
(Текст жазылып бүткөндөн кийин Ильязга (айрым бир себептерден улам) таарынып калган элем. Кайырма кошуп бер, биротоло, десе да унчукпай жазбай жүрүп калгам. Ырдабаса, ырдабайт депчи... Бир күн Музыка каналды карап отурсам "Жаңы жылдык түн 2021" көрсөтүүсүнөн ырдап чыгып калды. Карасам, кайырма кошуп, өзү аталышын жазып коюптур. 😁)