38 адамдын өмүрүн жалмаган “Боинг-747” учагындагы 85 тонна жүктүн кимге таандык экени белгисиз бойдон калууда. Ал арада кыйраган учактын ээси ACT авиакомпаниясынын Стамбулдагы өкүлү “Боинг-747” карго рейси "Манас” аба майданына жүк ташып баратканы тууралуу билдирүү жасады. Парламенттеги оппозиция Кыргызстандын өкмөтү учактагы сырдуу жүктүн чыныгы кожоюну тууралуу маалыматты жашырып жатканын айтып, ал бийлик калкалаган көмүскө аткезчилик болушу мүмкүн деген маселени көтөрдү. Буга чейин өкмөт кыйраган учак “Манастан” май куйуп, тыным алган соң кайра Стамбулга учмак деп билдирген эле.