Ысык-Көл облусундагы эң жаш баатыр эне Түп районундагы Сары-Дөбө айылында турат. Жыргалбек Орозов жана Айдана Такырбашева 31-январда жетинчи наристелүү болушту. Азыркы убакта эне бала төрөт үйүндө, алардын саламаттыгына дарыгерлер кам көрүшүүдө. РАС: Белгилей кетсек акыркы беш жыл аралыгында жаш үй-бүлөлөрдүн көп балалуу болушу көп каттала баштады. Буга өлкөдөгү туруктуу абал жана элдин социалдык абалынын жакшырышына байланыштуу болууда.