Бул тууралуу 2015-жылдын 15-июнунда башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында болуп өткөн жыйында белгилүү болду. Улуттук университеттин түзүм жетекчилери катышкан чогулушту КУУнун ректорунун м.а. Эрмек Усекеев ачып, бүгүн Улуттук университетте кубанычтуу күн экенин белгиледи жана сөз кезегин КР билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага узатты.