Жолду Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылына кире бериш жеринде тосушту. Ага себеп, кечээ, 8-сентябрда, Кулбаев орто мектебинин 1-классынын окуучусун автоунаа менен коюп кеткендендиги болгон. Кырсыктан окуучу каза тапкан. Мындан улам бүгүн ата-энелер жолду бууп, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлерине нааразычылыктарын айтып жатышат. Булар тууралуу жеринен кабарчыбыз Акылбек Орозматов кабарлады.