Урматтуу биздин жараандар, бул видеону чыгарганым себеби,бул жолдон авто унаа айдаганга мүнкүнчүлүк болбой калды, бир аңдан качсаң , экинчи аңга барып түшөсүң. Базардын жанынан жөө жүргөн жүргүнчүлөр өтөалбай анысы аз келгенсип жолдун жаманынан авто тыгымдарынын айынан ар кандай жол кырсыктары болуп жатат. Мен авто унаамдын хадовкасын эки жолу жазаттым. Өзүңөр билесиңер азыркы убакта авто тетиктердин баасын.Биздин жараандар өз авто унааларына өз убагында налокторун өкмөткө төлөп жатышат.Менин суранарым бул жолду жасап жатканда, санына эмес сапатына көңүл бурушса деп кетет элем.