Кыргызстандын тышкы карзы 3 миллиард 400 миллион
доллардан ашты.
Кыргызстандын Фининсы министри Ольга Лаврова ачыктаган маалыматка караганда Кыргызстан Кытайдан 1 миллиард 42 миллион доллар, Россиядан 300 миллион доллар, Япониядан 253 миллион доллар, Германия жана Туркиянын ар биринен 100 миллион доллардан қарызы бар. Андан сырткары Кыргызстанга Дүйнөлүк банкы 700 миллион доллар, Азия банкы 600 миллион доллар, Эл аралык валюта фонду 200 миллион доллар карыз берген. Ушуга карабастан Кыргызстан Казакстандан 100 миллион доллар, Россиядан 500 миллион доллар карыз алууну пландаштырууда. Кыргызстан парламентин Бюджет жана финансы комитети мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов тышкы карыз мамлекет коопсуздугуна жана экономикага коркунуч сала турган даражага жеткенин маалымдады.
Экономикада тышкы карыз ички дүң прадукт өлчөмүн 60 пайызына жетүүсү өтө кооптуу эсептелет. Карыз мына ушул көрсөткүчкө жеткенде экономика кыйрайт. Аны дүйнөлүк практика көрсөтүп турат. Бирок карызсызда жашай албайбыз. Эгер карыз албасак дагы кризиске жолугабыз, - деди депутат. Кээ бир адистер болсо Кыргызстандын Кытайдан эң көп карызы бар экени келечекте улуттук коопсуздука коркунч сала турган даражадагы саясый проблемаларды келтирип чыгаруусу мүмкүндүгүнөн тынчсызданууда.
Тышкы карздын бул даражага жетүүсү, өнүкпөгөн мамлекет экономикасын бир жолу кыйроого алып келет. Мамлекет экономикасы жардын жээгине келип калуусуна карабастан, депутаттар дагы карыз алуу жөнүндө ойлонушууда. Депутаттарга айтаарыбыз, качанкыга чейин карыз аласыңар?! Карыз берген мамлекеттер карызын сурап келгенде, каяктан таап бересиңер?! Карыз үстүнө карыз алуу мамлекет экономикасын өнүктүрбөйт. Экономиканы өнүктүрүүчү факторлор эмне? Биз бул жөнүндө депутаттарды олуттуу түрдө ойлонууга чакырабыз.