Эми жарандар 101 кызматынан жада калса аба-ырайын дагы биле алышат. Белгилей кетсек жогорку кенештин депутаты Бакыт Төрөбаев өзгөчө кырдаалдар министрлигин башкарып турганда өрткө каршы күрөшүү менен куткаруучулар кызматын бириктирүү демилгесин көтөргөн. Бул идея ишке ашып, 101 бирдиктүү диспечердик кызматына айланды. Депутат Бакыт Төрөбаев Талас районундагы Чат-Базар айылдык өрткө каршы күрөшүү жана куткаруу кызматынын абалы менен таанышты.