Түркиядан жүк алып келүү үчүн жаңы мультимодалдык маршрут ачылды. Ал Казакстанды айланып өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, жол менен алгачкы 40 контейнер келди, дагы 60 контейнер жолдо келе атат. Мындай жол Казакстан чек арасындагы ар кандай тоскоолдуктарды жана коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн зарыл.