Үнсүз ый.😰😰😰
Айтаарга сөз таппай ички сезимдерим уйгу туйгу болуп, бук болуп турамын. Биз көргөн абалды сөз менен жеткирүү өтө эле оор экен. Ар бир инсан бала үчүн жашаары анык эмеспи ....
Бала бакыт . Бала кубаныч. Бала үйдүн шаңы . Бала өмүр булагы . Өзүң ач калсаң да балаң ток болсун. Балаңдын кийими бүтүн болсун. Кана эле наристелер оорубаса , үй ичинде күлкүсү эле угулуп турса ... Тилекке каршы Тынар бир тууганыбыз 8 айдан бери кызы Муслиманын оорусу менен күрөшүп келет. Башкаларга окшоп ооруса үнүн чыгарып да ыйлай албайт . Тамагынан операция жасалып азыр тамагында түтүкчө бар. Ал түтүкчөнү ар беш мүнөт сайын чогулган ириңдерден атайы аппарат аркылуу тазалап туруу керек. Антпесе Муслима кызыбыздын дем алуусу кыйындашып, кырылдап кыйнала баштайт. Уйкусу да аз. Күнү-түнү дем алуусу үчүн тамагындагы филтирди бат-баттан тазалап туруу зарыл. Муслиманы сыртка таза абага же, ооруканага алып чыгуу да өтө ыңгайсыздык жаратат. Күнүмдүк керектелүүчү каражаттарга эле 2000 рубльдун тегерегинде акча керектелет. Үй-бүлөөдө Тынар эле иштегендиктен алдыда боло турган операцияга даремети жетпей турган кези. Анкени буга чейин эки жолу операция жасатып, болгон акчасын жумшаган эле. Кыргызстандын жарааны болгондуктан баардык кызматтар акылуу болуп ушул тапта мекендешибиз Тынар кайрымдуу, берешен, кең пейил мусулман ( кыргыз) бир туугандардан жардам колун сунуусун өтүнөт.
Бул билдирүүнү окуган ар бир адамдан суранабыз, кайдыгер карабай жардам кылсаңыздар.
«Кимде-ким бир жакшылык кылса, ага өзүнүкүнөн он эсе көп жакшылык бар».
Ыйык Куран: Анъам 160.
Сбербанк⤵
4276 3801 2233 8911 Белек М.
Элсом
0556 600090
Байланыш телефону⤵
+79251231013
+79295028014
🌱КМДБ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ