Москва шаарынын метросунда аялдын өмүрүн сактап калган кыргызстандык Марат Исаев президент Алмазбек Атамбаевдин сыйлыгына татыды. Мамлекет башчы адам өмүрүн сактоодо көрсөткөн эрдиги үчүн Марат Исаевди президенттин кол сааты менен сыйлоо чечимин кабыл алып, акчалай сыйлык бөлдү.