ЖЕКЕ ТАГДЫР
Жеке тагдыр, жеке менин тагдырым,
Жеке мага кылган кастык, тардыгың.
Кең аалам деп апам мени төрөгөн,
Кертип-кертип жуттуңбу не бардыгын?!
Адамдардын кызмат кылып байына,
Алдандыңбы ак нанына, чайына?
Мен өкчөгөн чүкөлөрдүн бири да,
Айкүрүнөн түшпөй койду жайына.
Жеке тагдыр, андагы кул жеке мен,
Жетимчелик сылаган жок чекемен.
Тагдыр баркы көтөрүлүп бриллиантча,
Тагдым баркы түштү беле же төмөн?
Алыстаган досум тургай жек-жаатым,
Араң белден сүйөп турат текматым.
Акыр заман жооп кылаар деп жүрөмүн,
Алчы таасын жегендерге тек баасын.
Мен тагдырга чөгүп жатам милтелеп,
Өлүп калсам эскерүүгө ким келет?
Тартты-тартты, мүмкүнчүлүк бербеди,
Таалайыңа кадамыңды шилте деп.
Мен тагдырга чөгүп жатам милтелеп,
Өлүп калсам эскерүүгө ким келет?
Алтынбек САЙПИЕВ