Үйдө телевизор көрүүдөн тажаган балдар, күн ысыган соң дароо эле Эне- Сай жана Дордой жаңы конуштарынын ортосун бөлүп турган сайга жөнөшөт. Анткени ал жакта өздөрү жасап алган көлмөлөр бар. Бирок өспүрүмдөр түшө турчу жердин көлмө деген эле аты болбосо таштандыга эбак эле толгон экен.