“Көк бөрү” кыргыздын ат үстүндө ойнолуучу спорт оюндарынын бири. Күйөрмандардын бүйүрүн кызыткан, кыл чайнашкан кызык оюндардардын артында далай эмгек жазалат. Дегеле ат таптап улакчы команда кармоого чоң акча каражаты керектелет. Адатта, мындай командалар күтүрөгөн байлардыкы болоору белгилүү. Бирок, тапкан-ташыганын ушул тармака жумшап, жылаңач баатырлык кылган көк бөрүнүн чыныгы күйөрмандары жок эмес. Азаттыктын “Азыркы кыргызстандык” түрмөгүндө чакан бизнеси бар жеке ишкер Мыктыбек Туташев болмокчу. Ал тапкан кирешесинин көбүн улакка салынчуу аттарды таптоого жумшап келет.
Originally published at -
http://www.azattyk.org/media/video/27112422.html