Baby song in Kyrgyz
Текст:
Быйтын, быйтын, быйтыңдап,
Мойтон, мойтон, мойтоңдоп,
Кичинекей жаш бөбөк,
Борбун тартар борбоңдоп.
Кичинекей колдору,
өзүнчө эле быйтыйып,
Туфли кийет кичине,
Буттары турат тыпыйып.
Апакелеп сүйүнүп,
Жакын басат жүгүрүп.
Кечке ойноп жүрсө да,
Эч бир койбойт күйүгүп.