Азамат Алымбек уулу пауэрлифтинг же оор салмактагы темир чоюндарды көтөрүү боюнча дүйнөлүк 4 рекорд жараткан. Азаматты атасы Алымбек машыктырат, аны менен кошо бир тууган иниси Акжол да өткөн жылы өз салмагында дүйнө чемпиону болгон. Баткен шаарынын четиндеги жер тамдын бир бөлмөсүн машыгуучу жайга айлантып алган бул үйдө пауэрлифтинг боюнча үч эл аралык спорттун чебери жашайт.
Originally published at - http://www.azattyk.org/media/video/27326558.html
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации