27 жаштагы Айымкүл Мусакеева бакма кыз. Андан төрөгөн апасы 7 күндүк кезинде баш тарткан соң, учурдагы апасы Нарынбүбү Мусакеева асырап алган. Оору-сыркоо эмне экенин билбей чоңойгон Айымкүл эки жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап, гемодиализ аппаратында жатат. Операция үчүн ири суммадагы акча издеп жаткан ал "балдарым үчүн жашагым келет" дейт.