Көрʏп жʏргөм бир атаны айылдан.
Бутун сʏйрөп баскандары кайыл жан.
Боз чепкендин жакасынан көрʏнөт.
Чаң аралаш сакалдары жайылган.
Амандашып калаар элем алыстан.
Даай албадым жакын барып тааныштан.
Адатымча иш кʏнʏмөн келатсам.
Балам деген ʏн угулду капыстан.
Арт жагымды кыйык менен карадым.
Ал тарапка араң кадам таштадым.
Жетип келип карыянын жанына.
Кол сунганга эптеп-септеп жарадым.
Кел отур деп колун бир аз жаңсады.
Кеч кʏʏгʏмдө ʏйʏнө да шашпады.
Сага айтып чыгарайын буугумду.
Санааларды сен угуп кой баштагы.
Жаратканым маңдайыма жазыптыр.
Жалгыздыкты казык сымал кагыптыр.
Жалбырагы ар бир кʏздө төгʏлгөн.
Жадакалса ушул бак да каарыптыр.
Өткөндөрʏн эстегендей көрʏнөт.
Мончок-мончок көздөн жашы төгʏлөт.
Өз балдары карабайбы дегенсип.
Кʏмөн санап ойум онго бөлʏнөт.
Туура балам ойлоруңда айып жок.
Картайганда мына минтип шайым жок.
Отуз жылдан бери жашап келемин.
Очогумду тутандырган зайып жок.
Болгон элем беш баланын атасы.
Болбой жʏрʏп элдин тийди батасы.
Жокчулуктун даамын татып билбеген.
Жооругу бул балдарымдын жасашы.
Төртөө бир кан бешинчиси бакмасы.
Беркилерлен көңʏлʏмө жакпасы.
Өгөйлʏктʏ көрсөтсөм да акыры.
Ар бир ата мындай уулун таппасы.
Келди бир кʏн чогулушуп баардыгы.
Кепти айтып жетелешип кайгыны.
Очогумду улаар уулум кетиптир.
Ошондогу кара жердин тардыгы.
Маңдайында ушул беле тагдыры.
Махабаты же кылдыбы жаштыгы.
Кайгы менен кайрый албайт экенбиз.
Кала бердим жумшак бол деп жаздыгы.
Мунун баарын сага бекер айтпадым.
Мʏнөзʏңдʏң окшоштугун байкадым.
Υркөр чыгып калган өңдʏʏ кошкунуң.
Υйгө барып эс алайын чарчадым.
Карыяны жалгыздаган аядым.
Карегимден узатаарлык карадым.
Канча кʏнʏн басып койгон көрʏнөт.
Санап балким ар бир баскан кадамын.
Арман толгон карыянын баяны.
Айтса бʏтпөс окуянын аягы.
Өз милдетин жолдош сымал аткарган.
Колундагы анын жалгыз таягы.
Сапарбеков Азамат Өмʏрбекович.P.S.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев