Предыдущая публикация
Төгүп жатты күзгү жамгыр асмандан.
Туталанат сур булуттай кабагым,
Тагдыр салган көңүлдөгү тактардан.
Тамчы суудай миң бөлүккө бөлүнүп,
Толо албадым, чачырадым төгүлүп.
Түгөндү го деген сайын түмөндөп,
Түйшүк турат кыз чачындай өрүлүп.
Тынчтык бербей, жанга салып дүрбөлөң,
Ташын талкан кылып ойдун гүлдөгөн.
Тайгак кечүү, тар жолдорун тагдырдын,
Ташыркабай кантип басып үйрөнөм?
Тайгаланбай кантип басып үйрөнөм?
13.10.2023 ТТ. Бишкек
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев